www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги коомдук ишмер Уран Рыскулов менен баарлашып, коронавирустан күмөн санаган пикирин уктук.

--Уран мырза, неге ишкерлер жетиштүү каражат берсе да, неге медиктерге камсыз болбой жатат?

--Анткени, коронавирус оорусу башынан калп эле бизге таңуулаган оору сыяктуудай сезилет. Ошондон уламбы короновирус деп жалан гана саясатчылар маалымат таратып жаткандай. Эмне үчүн саясатчылардын эмес, вирусолог. эпидемиологдордун кесипкөй түшүндүрүү иштерин уккан жокпуз. Эмне үчүн карантиндик постторго  медиктер эмес, жалаң күч органдары тартылып жатат? Эмне алар вирусолог болуп кетти беле? Эмне үчүн оорубаган кишилерди карантинге күч менен айдап кирип жатышат? Дагы көп эмне үчүн деген суроолор  бар. Кыскасы, мага бул оору дүйнөдөгү глобализаторлордун оюну сыяктуу сезиле баштады. Интернетте "Терезеден карап тургулачы, бизди камап коюп дагы жерлерибизди сатып жибербесин" - деген бир азил-тамаша сөз кетти. Бул тамаша сөздө чоң бир акыл, ой бар экенин көпчүлүк аңдабай калды. Биз камалып жатканда дүйнөдө жаңы финансылык бөлүштүрүү башталат окшойт. Бул коронавирус дүйнөгө чоң өзгөрүүнү алып келе тургандай болуп калды.

--Ооруу жок деп ойлойсузбу? Абалы оор болуп, реанимацияда жаткандарчы?

--Оору жок эмес бар. Бирок пандемия жок деп ойлойм. Реанимацияга түшкөн кишинин аты жөнү болот. Эмне аны айтпайт? Андан кийин ал реанимациянын адреси болот. Эмнеге аны айтышпайт? Ал ооруган кшинин амбулаторный делосу болот. Буга чейин кандай оору менен ооруган? Эмнеге аны көрсөтүшпөйт? Көрсөтүп,тактап беришсинчи мен ишенейин. Буга чейин бир дагы врач ооруган эмес. Ооруган врачтарга 200 миң сом берилет деген указ чыгаар менен врачтардын ооруп баштаганы да  бүдөмүк ойду жаратат.

--Айрым атка минерлер мамлекет берген гумжардамды жөндөп бөлүштүрө албай орой, тилемчи, көп балалууларды жек көрөм деген сыяктуу осол сөздөрдү айта башташты. Алардын бул сөздөрү араң турган элге катуу тийбейби?

--Мындай сөздөр бийлик бутагындагы кызматтагы адамдар сүйлөй турган сөз эмес. Өздөрү күч органдарынын колу менен элдин баарын карантинге камап коюшуп, ачарчылыкка алып келип жатышпайбы? Үйүнөн чыга албаган эл анан эмне кылышы керек? Карантинди ачсын эч ким гум жардам сурабайт. Эми тилемчилик боюнча айтайын. Ошол чиновниктер дайыма элге мисал кылып келген Америка мамлекетин карап көрөлү. Америкада карантиндин биринчи айында 3млн. эл жумушсуздук боюнча пособия алып баштаган. Азыр жумушсуздук боюнча пособия алган элдин саны 6 млн болду. Дагы биздин эл динди ыйык туткан, ыймандуу экен. Ачка калдык деп жапырт догурунбай бийликке милдет кылбай, бири бирин көтөрмөлөп келе жатышат. Чиновниктер ошондой эле динди жакшы түшүнөт экен бирок, өздөрү  кайырчы, тилемчиге окшоп эл аралык уюмдардан 170млн.доллар  сурап алышты го. Бул бизге маалым болгону эле. Эң кызыгы динди түшүнгөн ошол чиновниктерден " Ошол акчалар кайда кетти"-деп сураган киши жок. Чынында ошол чиновник айткан тилемчи менен чиновниктер окшош. Анткени ар бир киши өзүнүн ички дүйнөсүндөгү бар нерсени гана башка кишиден көрөт. Өзүндө жок нерсени ал башка кишиден дагы көрө албайт. Көрдүбү демек ал ошол. Көп балалууларды жек көрүшсө, ага көп балалуулар күнөөлүү эмес...

Булак: NazarNews

Последние новости