www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы кызматка дайындалган Балбак Түлөбаев элге кайрылып, билдирүү жазып чыкты.
"Калайык! Өлкө жетекчилигинин сунушу менен өкмөтүбүздүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалдым. Өтө чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Бишкек шаарынын жашоочуларына терең ыраазычылык, таазим. Колуман келишинче кызмат кылдым. Элден айланса болот, ыраазымын. Кемчилик кетсе, билбей капа кылсам кечириңиздер. Калаа башчыбыз Суракматов Азиз Эмилбековичке терең ыраазымын. Жол көргөздү, тарбиялады, бышырды, акыл айтты, тоскоол болбой ар дайым колдоду. Вице мерлерге, чарба жетекчилерине, аппарат кызматкерлерине рахмат. Жакшы команда, кыйын кезде чогуу иштедик. Шаардык кеңештин депутаттарына рахмат. Сабырдуулукка, ар түрдүү пикирге, көз караштарга сый урмат кылууну үйрөтүштү, жардам беришти.
Ысык-Көлдүн экс-өкүлү Осмоналиев Акылбек Шариповичке ден соолук, алдыдагы ишине ийгилик. Татаал убакта облусубузду башкарып, сый урматка ээ болду. Баштаган иштери уланат. Көлүбүздүн элине таза, түз, ачык кызмат кылып берүүгө убада берем. Адилетүү, жаман ишке барбаган сиздерге кызмат кыла турган системдүү кызмат болот. Тумоону чогуу, жеңебиз. Кеңешип, биригип, баардык катмардагы эл менен бир муштумга түйүлүп утуп чыгабыз. Мага жардам бергиле, убакыт биригүүнүн убагы",- деп Балбак Түлөбаев жазып чыкты.
Белгилей кетсек, Балбак Түлөбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.
Ошентип, Түлөбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ыйгарым укуктуу кызмат ордунан бошотулган Акылбек Осмоналиевдин ордуна келди. Түлөбаев Бишкек мэриясынын аппаратынын башчысы кызматын 2018-жылдан тарта аркалап келген.
Ал эми Осмоналиев Акылбек Шарипович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды
Булак: NazarNews.kg