www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн районунда эркек киши эвакуатордо айып короого жүктөлүп бара жаткан мотоциклди айдап качты. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Анын айтымында, окуя 25-июлда кечке жуук болгон. Мотоцикл мекеменин кызматкерлери тарабынан унаа токтотуучу жайга алып баруу үчүн эвакуатордо жөнөтүлгөн. Бирок мотоциклдин ээси келип, эвакуатордун үстүнө чыгып, мотоциклди бошотуп, жерге түшүргөн.

Эвакуатордун айдоочусу аны байкап, токтотууга аракет кылганынан майнап чыкпай, ал унааны айдап, качып кеткен. 

"Азыркы учурда биздин кызмат тарабынан аталган иш-боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. Кийинчерээк бул факт боюнча кошумча маалымат берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости