www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында  коронавирус боюнча абал курчуса болжол менен 1-10-декабрга туш келиши ыктымал дешүүдө.  Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаардык кеңештин сессиясында билдирүү жасады.

Анын айтымында, учурда баш калаадагы  ооруканаларда коронавируска кабылган бейтаптарга 300гө жакын бош орун бар, эпидемиологиялык абал оору күчөгөн жай айларына салыштырмалуу абал туруктуу, мындан аркы абал кандай өнүгөрү 10-декабрдан кийин белгилүү болмокчу.

«Биз эпидемиологиялык кырдаалдын курчушун 1-10-декабрь деп күтүп жатабыз. Эгер ушул темпте кетсек мындан ары да ушундай темпте кете беребиз деген оюбуз бар. Коронавирус боюнча абал Бишкекте азырынча туруктуу. Июль айында күндө 700-800 бейтап катталып, күндүзгү стационарларга 4500гө чейин кишини кабыл алдык. Бүгүн 90го жетпеген оору чыкты, бир жума мурда 168 болгон. Көрсөткүч төмөндөп баратат»-деди сессияда.

Түлөбаевдин сөзүнө таянсак,  илдет күчөсө №1 оорукана кайра толугу менен коронавирусту дарылоого берилип,  ал толсо №6 оорукана, эгер ал да жетпесе «Семетей» госпиталы ачылат. Ал эми 1,1 миң орундуу «Семетейде» 500-600 орун даяр турат. Июлдагыдай кырдаал кайталанса 20га жакын күндүзгү стационар ачууга даярдык көрүлгөнү да белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости