www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Айрым эл ишеничине татыган талапкерлердин четинен марадан чыгып калганы кандай ой жаратууда?

- Талапкер болул катталгандан кийин, такталгандан кийин аягына чейин барышы керек. Орто жолдо соодалашып, же «мен талапкерлигимди алып койдум» дегендери саясаттагы адепсиздикти билдирет.

Ага ишеним көрсөтүп ошончо кол топтогон адамдардын үмүтүнө суу сепкен болот. Мындай чечимди жалгыз кабыл албаш керек, Анткени жаманбы-жакшыбы артында эл турат, коом турат.

Коомчулукка айтып, «ушундай чечимиме кандай карайсыңар?» деп элден сураса, бул саясатчынын маданияттуулугун көрсөтөт. Жеке өзү чечим кабыл алып койсо, ага кол топтоп, кол коюп берген адамдардын баарын сатъш жибергенге тете.

Бул - саясаттагы туура эмес кадам. Сен талапкер болуп катталгандан кийин, так талашка аттангандан кийин такка барууга гана далалат кылуу керек. Орто жолдон айнып калуу - бул саясий соодагерлик.

Саясатчылардын эмнеге эл алдында баркы кете баштайт? Ушундай оюндарды ойноп баштаганда кетет. Кыргызда «учкашпа, учкашкандан кийин түшө качпа» деген жакшы кеп бар.

- Алдыдагы шайлоодон таза шайлоо күтүп жатасызбы?

- Таза шайлоо боюнча кеп кылсак, Кыргызстандагы бир дагы шайлоо «таза өттү» дегенге татыбайт. Келе жаткан президенттик шайлоонун таза өтүшүнө азырттан күмөн жаралып калды.

Анткени, башка талапкерлерге болгон бут тосуулар, ар кандай ыплас оюндар президенттик шайлоонун таза өтүшүнөн чоң күмөн жаратат.

Экинчиден, Баш мыйзамда болуп жаткан башаламандыктардын баары «президенттик шайлоодон кооптуу нерселер жаралып кетеби?» деген таасир калтырууда. Себеби, эл экиге бөлүнүп калды.

Бүгүнкү күндө маселени курчутуп жаткандар, фейктердин же фанаттардын фабрикасы дейбизби, бүтүндөй саясаттагы алешемдиктердин баарын ошолор жасап жатат. Каалайсыңбы-каалабайсыңбы, коомчулуктун пикирин бурмалап, элди экиге бөлүп жатат.

Бул өтө опурталдуу. Муну саясатчьлар эске албай, жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланып жатышат. Бирок ошол троллдор кыргыздын келечегине балта чаап жатканын, калың элдин каргышына калып жатканын, жаран катары мамлекетке чоң зыян келтирип жатканын сезээр бекен?..

Эртеби-кечпи эл алдында жооп берип калышарын сезишеби же бүгүнкү арзыбаган акчага алданып иштеп жатканын артык көрүшөбү? Же эмне алар таптакыр түшүнүгү жок адамдарбы?

Таңгалам. Бүгүн негизинен саясатты курчутуп жаткандар - социалдык тармактар жана «фабрика фанаттары».

- Адилеттик болбосо кандай кадамдар болушу мүмкүн?

- Кыргызсгандын тарыхына сергек сереп салып көрө турган болсок, кыргыз эч качан чындыкты таштап кеткен эмес. Азыркьт бийлик эйфорияга алдырып ала качкан аттын устундөгү адамдай болуп баратат.

Аны эл терең байкап турат. Анткени, кыргызда биринчи жакшылыкка жоруйт. Бирок убакыт өткөн сайын суроолор пайда болуп баштайт. Бийлик канчалык үстөмдүк кылбасын, эл бийликке үстөмдүгүн көрсөтүп коёт. Эл турганда сөзсүз чындык болот. Кандай күн болсо да акыркы сөз элдин оозунда болот.

Ал үчүн астролог, экстрасенс болуунун кереги жок. Эл эки эле күндө көргөзүп коёт. Кептин баары убада бердиби же убара бердиби, мына ошондо.

Булак: "Азия News" гезити

 

Последние новости