www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тогуз-Торо районундагы Казарман-Актал-Чат унаа жолунда болгон жол кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды. Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин маалыматына караганда, кырсыктан дагы 4 адам ар кандай жаракат алган.

Аталган унаа жолдогу Кара-Гөө ашуусунда “Тойота Гайя” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кетиши кырсыкка себеп болгон. Кырсыктын кесепетинен 61 жаштагы адам каза болуп, төрт адам аркандай жаракаттарды алган.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркаган адамдарды тез жардам унаасына өткөрүп беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости