www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев айыл чарба жаатында өзгөрүүлөрдү киргизүү үчүн санариптештирүүгө өтүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-декабрда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Токтогазиевдин айтымында, айыл-чарба жаатында өзгөрүүлөрдү киргизүү үчүн алгач эле санариптештирүүгө өтүү керек. "Жаңы технологияларды колдонуу менен бирге кайра иштетүүнү жолго салуу зарыл. Министрликтин ичинде дагы электрондук документтештирүүгө өтүп жатат.

Япония, Корея жана европалык компаниялар менен биргеликте иш алып барууну пландаштырдык. Алар бизге технологиясын жана үрөөндөрүн берип, Кыргыз өлкөсүндө өстүрүп, аны экспорттогонго мүмкүнчүлүк пайда болот", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости