www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мени бийлик аябай текшерген. Мындай пикирди бүгүн, 28-майда NazarNews маалымат агенттигине Бишкек шаарынын мурдагы мэринин милдетин аткаруучусу Балбак Түлөбаев билдирди.
--“Мени көптөгөн адам кандай иштээримди жакшы билишет. Мен Бишкек шаардык мэрияда аппарат жетекчиси болуп жүргөндө чоң иштерге аралашууга укугум аз болчу. Кийин деле Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу болдум. Бирок эч кандай коррупциялык иштерге барган жокмун. Дагы айта кетчү жагдай мени Ысык-Көл облусуна губернатор кылып жиберээрде бийлик аябай текшерген. Эч кандай менин каталарымды табышкан эмес. Себеби, мен мамлекетке ак кызмат кылган адаммын.
Эгер мен бир метр жер же дүкөн алган болсом, ошону тапкан адамга бергенге даярмын. Менин бир дагы бизнесим, фирмам жок. Катардагы элдер сыяктуу айлык маянага иштеп, жашап келем. 1997-жылы чакан бизнес баштап бир үй алып эле токтотуп, мамлекеттик кызматка иштеп кетип калдым. 2018-жылга чейин 8 жылдай жеке ишканаларда иштедим. Мага карата айтылып жаткан сын-пикирлерге көңүл деле бурбайм, айткандар айта берет. Эң негизгиси таза эмгектендим”, - дейт Түлөбаев.
Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов УКМК тарабынан кармалган. Анын кармалышы боюнча Балбак Түлөбаев жеке оюн Facebook баракчасына жазган.
Булак: NazarNews.kg