www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жер шаарында миллиард адам болуш үчүн миллион жыл убакыт болгон. Мындан миллион жыл илгери 10 миңдей адам гана жашаган экен. 1800-жылдын башында гана калктын саны миллиардка жетиптир. Эки жүз жылдан кийин 1920-жылы 2 миллиардда оонап калыппыз, андан бери демографиялык тез өсүү менен 8 миллиардка салаңдап калдык, так айтканда 2021-жылы майына карата 7 млрд 866 млн адам, анын ичинде Кытайда 1 млрд 424 млн болсо, жакын арада аны басып өтө турган Индияда 1 млрд 393 млн. Калктын саны өзүнүн өсүү чокусуна 9, 7 млрд калкка 2064 жылы жетип, андан ары калктын саны азая баштай турганын окумуштуулар далилдептир.
Көп мамлекеттерде калктын саны азаят. Японияда 128 млн адам болсо 53 млн калат, Италияда 61 млн болсо, 28 млнго кыскарат. Мындай таз кейипти Испания, Португалия, Таиланд жана Түштүк Корея кийет.
Кытайдын калкы 2024–жылы 1 млрд 450 млнго жетип азая баштайт. Кылымдын аягында 732 млн болуп калат.
1950–жылы орто эсеп менен аялдар 4,7 бала төрөсө, 2020-жылы эки эсе азайып 2, 3 ымыркай гана төрөп калышты. Ал эми 2050–жылы окумуштуулардын айтуусунда 1,7 бала төрөп калышат экен. 2010-жылы Гана өлкөсүндө жакыр катмардагы аялзаттарына бала төрөбөш үчүн вакциналар сайылган. Бул билинип калып, элдин карама-каршылыгын туудуруп, экспериментти жасап жатышкандар куулуп чыккан. 2013-жылы Африкадагы кара түстөгү жакыр аялдарга өлүмгө түрткөн төрөгөнгө каршы дарылар сайыла баштайт. Гейтс өзү “Күйүп жаткан отко май куюп”: “Эң коркунучтуу көйгөй–демография. Азыр дүйнөдө 6,8 миллиард калк жашайт. Жакында калктын саны 9 миллиардка жетет. Биз адамзаттын көбөйүшүн тыйып, төрөгөнгө каршы жаңы вакциналарды, репродуктивдик заттарды колдонсок калктын өсүшүн токтото алабыз” – деген. Анын оюу боюнча вакцина жасоодон улам калктын өсүшүн 200-300 миллион адамга азайтмак. Гейтс Мальтустун калкты азайтуу боюнча теориясын жыйырманчы кылымдын 60-70-жылдарынан бери элге жайылтып келе жатат.
Эң бай адамдар Жер шарынан качып башка жашай турган планета издей башташты. Louis Vuitton Moët Hennessy (LVMH) тобунун президенти Бернард Арно Forbes Real-Time гезитиндеги миллиардерлер тизмесинин лидери болуп калды. Форбстун маалыматы боюнча, Арнонун байлыгы 186,3 миллиард долларды түзүп, күнүнө 710 миллион долларга көбөйгөн, ал эми Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос 186 миллиард доллар менен экинчи болду. Тизмеде үчүнчү орунда 147,3 миллиард доллар байлыгы менен Tesla жана SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск турат. Төртүнчү орунда Майкрософт корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс 125,5 миллиард доллар менен, бешинчи орунду Facebook компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг 114,7 миллиард доллар менен алды.
Гейтстин фондусу кимдер менен иштейт? Инфекциялар, вирустар, психикалык дарттар ылдамдык менен өсүп, фармөнөр жайына эбегейсиз кирешелерди алып келип жатат. Батышта Gream farm (фармацевтик индустрия) күч алган. Gream farm элди ойлоп да коюшпайт, булар фармацевтикалык күчтүү ири ишканалардын башын кошуп. Булардын башкы максаты элге жардам берүү эмес, дарылардын эсебинен баюу. Ошондуктан Gream farmды фармацевтикалык индустрия эмес,фармацевтикалык мафия деп атай баштады. GlaxoSmithKline (GSK) аттуу англиянын фармакологиялык компаниясы бар. 1999-жылдан 2006-жылга чейин бул компаниянын өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Тачи Ямада Гейтстин фондусуна өтүп. Эл аралык саламаттыкты сактоо программасынын президенти болгон. Көрсө, ал фармакологиялык компаниясында жасаган диабетиктерге каршы дарысы жүрөккө жаман таасир берет экен. Ушул дарыларды колдонушкан 83 миң адам инфаркт оорусуна чалдыгышканын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо коому иликтеп чыгышкан. 2017-жылдан GSKнын президенти Эмма Уолмсли¸бул 2019-жылдан Гейтстин фондунда. Жакыр мамлекеттеги адамдарды вакциналаштыруу боюнча булардын эмгектери зор.
Гейтстин фонду Индияда дагы жакыр үй-бүлөлөрдүн 14 миң кызына вакцина сайган. Көптөгөн кыздар ошол замат көз жумган. Индиялык парламент иликтөө жүргүзүп ооздорун ачышкан, көптөгөн кыздарга ата-энелери уруксат бербестен, мектеп директорунун макулдугу менен вакцина сайылган.
Бай адамдардын Жер шарынан качканын башкы себеби, Жердин калкы 7 миллиард адамдан ашып кылкылдап 8 миллиардка чаап баратат. Анын үстүнө демографиялык өсүү өтө тездик менен болуп жатат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg