www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбак Түлөбаев оору качан токтой турганын айтты

Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев элге кайрылуу жасап, бул оорунун токтотуу жолун айтты. Анын сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

"Калайык! Бул оору качан токтой билесиңерби? Качан сиз, ооба сиз тууганым, базарларда, транспортто, жабык жерлерде жана эл көп жерлерде беткабы жок кетип бара жаткан кишини токтотуп эмне үчүн беткап кийген жоксуз деп сураганда токтойт.

Эмне үчүн ал жоопкерчиликсиз адам бүткүл элди дүрбөлөңгө салып, баарыбызды оорутуш керек?!

Күнөө жалгыз эле бийликте эмес да, бизге да жардам бергиле да!

Чогуу болмоюн муну жеңе албайбыз! Ыргалжын болбой баарыбыз бири-бирибизди көзөмөлдөйлүчү! Ошондо тып эле токтойт. Кайра тынч убакка түшүп жаныбызды багабыз", - деп жазган ал. 

Эске сала кетсек, бүгүн, 9-июлга карата коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 8847ни түзсө, 3053 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус оорусу 116 кишинин, ал эми пневмония март айынан бери 310 адамдын өмүрүн алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости