www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Надира Нарматова президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусу тууралуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, Сооронбай Шариповичтин бул багыттагы кайрылуусу биринчи жолу эмес. Ал президент катары, элдин башчысы катары алты айдан бери колдон келишинче коопсуздук кеңешин өткөрүп, өкмөткө, аткаруу бийлигине, тиешелүү бийлик бутактарына сунуштарын айтып, талаптарын коюп келе жатат.

"Президент жөн жерден элге кайрылуу жасаган жок. Ушундай оор кырдаалда элибиз биригип, колдоо көрсөтүп жатышканы бул чоң ийгилик. Бир четинен президент сүйүнүп жатса керек, экинчисинен ыраазычылыгын билдирип жатат. Үчүнчү жагынан кыргыз эли ар качан кандай кырдаал болбосун бириге турганын дүйнө жүзүнө далилдеди",- деди мурдагы депутат.

Надира Нарматованын пикирин толугу менен төмөнкү видеодон көрө аласыздар:

Булак: NazarNews.kg

Последние новости