www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын бийлиги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тойканаларды жабууну караштырып жатат. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Ал тойкана ээлерине кайрылуу жасап, эскертүү берди.
“Коронавирус кооптуу болуп жатат. Жалдырасак да, сурансак да болбой жатасыңар. Бүт шаарды коркунучка алып келдиңер. Шаарды кайра карантинге жаба албайбыз. Эл кыйналат. Такыр укпаган адам экенсиңер. Тойкана ээлери бул сөз силерге! Элдин ден соолугу менен ойноп жатасыңар. 15 күнгө жабабыз. Жакында чечим чыгаралы деп ойлонуп жатабыз. Болдугула да эми.
Сураныч. Өтүнүч. Эл бизге талап коюп жатат”, — деди Түлөбаев.
“Мен түнкү клубдарды да жабууну сунуш кылам, биз байланыштарды азайтышыбыз керек. Компьютердик клубдарга балдарды киргизбеш керек. Бул маселени да карайбыз”, — деген Түлөбаев.
Ошондой эле анын айтымында, Арча-Бешик конушундагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда күндүзгү стационар ачылат.
Булак: NazarNews.kg