www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө кыргыз тилиндеги контенти бар интернет-сайттардын саны акыркы беш жыл ичинде өсүп отуруп, былтыркы жылдын жыйынтыгы менен республика боюнча жалпы сайттардын 27 пайызын түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.
Ал эми Бишкек шаары боюнча айта турган болсок, борбор калаада кеңсеси жайгашкан сайттардын 61 пайызы кыргыз тилинде дагы маалымат беришет.
"Өлкөдөгү сайттардын эң көп бөлүгү, тагыраагы, 88 пайызга жакыны шаар жерлеринде жайгашкан чарбалык субъектилерге тиешелүү жана көбүнесе онлайн кызматтарын көрсөтүшөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми жалаң гана кыргыз тилинде маалымат берген сайттардын саны былтыр 554кө жеткен.
Булак: NazarNews.kg