www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
20 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 3-ноябрда болжол менен саат 13:37 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Көлмө жаңы конушунан зордуктоого аракет жасады деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 2000-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган.
Анын айтымына караганда, ошол эле күнү болжол менен саат 13:00 чамаларында белгисиз жаран арыз ээсин зордуктоого аракет кылган. Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган жаранды кармашкан.
Текшерүү учурунда шектүү жарандын жанынан белгисиз маркадагы тапанча табылган. Ошондой эле шектүү жаран менен бирге 1998-жылы туулган Т.А., жана 1999-жылы туулган К.Н. аттуу жарандар мас абалында кармалып, Биринчи Май РИИБинин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Бул факты боюнча Биринчи Май РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.
Булак: NazarNews.kg