www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 4-ноябрьда белгилүү болгондой, Курсан Асанов үй камагына чыккан. Бул маалыматты анын адвокаты жарыялаган эле. Адвокаттын айтымында, кечээ прокуратуранын өкүлдөрү сотко профилактикалык чараны өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылышты.
Прокуратуранын кайрылуусунда Асанов тергөөдөн жашынууга ниети жок экендиги жана анын багуусунда балдары бар экендиги көрсөтүлгөн. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын өзгөртүп, Асановду 2020-жылдын 10-декабрына чейин үй камагына чыгарды.
Үй камагына чыккан Курсан Асанов 5-октябрдан 9-октябрга чейин жасалган иши кыргыз жергесинде, айрыкча Бишкек шаарында тынчтык, туруктуулук болсун деген максатта болгонун айтты.
“Ошол учурдагы абалды жөнгө салууда менин ролум бар деп эсептейм. Мен аны менен сыймыктанам. Мени келип кармап кетпей эле, жөн эле чакырса болот эле. Мени кармаган – бул шоу. Мурунку бийликтин саясий заказы” – деп билдирди Асанов.
Булак: NazarNews.kg