www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Ысык-Көл облусунун жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Балбак Түлөбаев облустагы абал тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Ысык-Көл облусу боюнча 626 киши дарыланып жатат. Бүгүнкү күндө Чолпон-Атада, Жети-Өгүздө дарыгерлер бар. Азырынча Жети-Өгүз районунда абал кооптуураак. Бүт күчтү ошол жакка жумшап жатабыз. Россиядан келген дарыгерлер менен жолуктум. Абал туруктуу жана туура алгоритм менен дарыланууда деп айтышты. Буюрса жакын арада оңойбуз. Каракол менен Чолпон-Атадагы оорукана өкмөтүбүздүн бөлгөн акчасы менен оңдолуп жатат. Дары-дармек, кислороддук аппараттары жетиштүү. Дагы дарыгерлер Каракол ооруканасына келет. Ыктыярчылар менен иш жүрүүдө", - деп жазган Балбак Түлөбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости