www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Өзгөн районунда таксистти өлтүргөнгө шектелип кармалган 5 жарандын баш коргоо чарасы каралды. Анда алар эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске сала кетсек, буга чейин NazarNews мааалымат агенттиги аталган окуя тууралуу жазган.

Маалыматка ылайык, 24-июль күнү Өзгөн районунун Зергер айылынын тургуну 29 жаштагы уулу 19-июль күнү унаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегенин айтып, милицияга кайрылган. Бул факты Өзгөн РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө 19-июлдан 20-июлга караган түнү маркум такси кызматында иштеп жаткан. Шектүү балдар аны райондогу касапканага жеткирип коюуну суранышкан. Айтылган дарекке келгенде шектүүлөр таксистке 100 сом беришкен. Бирок ал жер алыс болгондуктан, маркум 200 сом берүүнү айткан. Мындан улам ортодо чыр чыгып, таксистти өлтүрүп алышкан. Алар сөөктү жашыруу максатында бензин чачып өрттөп, Кара-Дарыяга жансыз денени ыргытып жиберишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости