www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Өзгөн районунда таксистти өлтүргөнгө шектелип 5 жаран кармалды. Шектүүлөрдүн бири 15 жаштагы өспүрүм. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-июль күнү Өзгөн районунун Зергер айылынын тургуну 29 жаштагы уулу 19-июль күнү унаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегенин айтып, милицияга кайрылган. Бул факты Өзгөн РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Териштирүүнүн жүрүшүндө 19-июлдан 20-июлга караган түнү маркум такси кызматында иштеп жаткан. Шектүү балдар аны райондогу касапканага жеткирип коюуну суранышкан. Айтылган дарекке келгенде шектүүлөр таксистке 100 сом беришкен. Бирок ал жер алыс болгондуктан, маркум 200 сом берүүнү айткан. Мындан улам ортодо чыр чыгып, таксистти өлтүрүп алышкан. Алар сөөктү жашыруу максатында бензин чачып өрттөп, Кара-Дарыяга жансыз денени ыргытып жиберишкен.
Бул ишке шектүү катары 15, 16, 17 жаштагы балдар кармалган. Алар алгачкы териштирүүдө жогорудагы маалыматты айтып беришкен. Учурда убактылуу кармоочу жайга 4 жаран киргизилип, ал эми 15 жаштагы өспүрүмдүн жашы жете элек болгондуктан үй камагына чыгарылган.
Учурда териштирүү иштери башталып, алардын баш коргоо чарасы каралууда.
Эске сала кетсек, буга чейин NazarNews маалымат агенттиги Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып, Өзгөндөгү Кара-Дарыядан 29 жаштагы жигиттин сөөгү табылганын, ал милиционерлерге өткөрүлүп берилгенин жазган.
Жергиликтүү басылманын айтымында, маркум таксист болуп иштечү. Аны 200 сомго жалдаган белгисиз адамдар өлтүрүп, денесин Кемпир-Абад суу сактагычына ыргытып жиберишкен деген божомол айтылган. Жакындары маркумдун жүзү таанылгыс болуп калганын, өлүкканадан кийими жана тишинен таанышканын билдиришкен.
Зергер айыл өкмөтүнөн маркумдун сөөгү кечээ, 27-июлда табылганын тастыкташты. Алардын маалыматына караганда, 29 жаштагы жигит Өзгөн шаарында жашап, банктардын биринде күзөтчү болуп эмгектенчү. Анын 2 баласы бар болчу. Жубайы кош бойлуу экендиги айтылды.
Булак: NazarNews.kg