www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Июль айынан баштап жогорку даражадагы дарыгерлер 72 миң сомго чейин кошумча төлөмдөрдү алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

"Медицина кызматкерлерине айлык маянасына кошумча төлөмдөрдү берүү боюнча маселелер турат. Социалдык төлөмдөрдү кечиктирбестен төлөп берүү иштери улантылып жатат. Пенсия, жөлөк пул, айлык жана башка төлөмдөр кечиктирилбей төлөнүүдө. Медицина кызматкерлеринин компенсациясына марттан тарта 477 миллион 400 миң сом жумшалды. Июль айы үчүн 234 миллион сом компенсациялык төлөм жумшалат. Документ даяр болду. Бүгүн тиешелүү документке кол коюп беребиз. Ошонун негизинде тез аранын ичинде төлөп берүүнү көзөмөлгө алабыз. Июль айында төлөмдөрдүн көлөмүн эки эсеге көбөйттүк. Толук кандуу иштеген жогорку даражадагы дарыгерлер 72 миң сомго чейин кошумча төлөмдөрдү алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул да болсо бир топ биздин медицина кызматкерлердин каражат маселесин чечкенге жардам берет", - деди Боронов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости