www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз кызматы билдирди.

Дамир Моңолдоров бул кызматка 2016-жылы келген. Ага чейин Жети-Өгүз районунун акими болуп иштеген. Ал бүгүн өкүлчүлүктө иштеген кызматы менен коштошуп, убактылуу эс ала турганын билдирген.

Анын эмне себептен иштен алынганы жана ордуна ким дайындалганы тууралуу маалымат бериле элек.

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Бороновдун буйругу менен Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Мурдагы жетекчи Акылбек Осмоналиев өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп келген.

Ошондой эле, Балбак Түлөбаев өзүнө мушкер Дастан Али Шаршеевди өзүнө жардамчы кылып алганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости