www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Екатеринбург шаарында Федералдык салык кызматынын жана ФСБ башкармалыгынын кызматкерлери Кыргызстандын жаранын жана орусиялык аялды чемодан толо акча менен кармашты. 

Анын ичинде болжол менен 79 миллион рубль бар болгон деп жазат "Знак" басылмасы өз булагына таянып.

27-июлда алар Бишкекке учуп кетүүнү пландашкан. Бирок бажыдан алардын багажынан дээрлик 79 миллион рубль табылган.

Басылманын маектешинин айтымында, ал киши Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин пенсионери. Ал жана анын шериги ушунчалык көп акчаны кайдан алганын түшүндүрө алышкан жок. Андан кийин аларга карата протокол түзүлүп, Россия Федерациясынын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 15.25-беренеси боюнча ("Россия Федерациясынын валюта мыйзамдарын бузуу") административдик иш козголгон. Акчаны өлкөнүн бюджетине өткөрүү пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости