www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Биз, Улуттук “Манас Ордо” комплексинин жамааты улуу “Манас Ордо” комплексин жылдан жылга көрктөндүрүп , курулуштарды куруп, азырынча Кыргызстанда ачыла элек кошумча музейлерди куруп, Ордого каттаган туристерге жалпы эле кыргыз элине Айкөл Манас атабызды, Айкөлдүн ордосун даңазалап, колдон келишинче келүүчүлөргө толук шартты түзүүгө аракет жасап келебис.

Кийинки убактарда койнунда котур таштары барлар бизден эмес сырттан чыгып, улам-улам бирөөлөрдүн тилине кирип ойдо жок жомок каттарды Президентибизге, ЖК Спикерине, Премьер Министрге, прессанын бардык түрлөрүнө жөнөтүп жазып жандары тынбай келет. Буларга теңелбей, үрүп-үрүп кала берет, ишибиз ак-таза болсо, элибиз тараза деп унчукпайкалган сайын, улам бир жерден ирип—чирип  чыга калып жатышат. Бул боюнча канча деген текшерүүлөр болуп, канчалаган убакыт, нерв  кеткен сайын кезекке туруп күтүп жаткансып улам кийинки котур таштар башталып жатат.

  Ушундай дагы бир чагым 26-июль 2018-жылында Назар Ньюс сайтына чыкты. Автору Перизат Кутманалиева. Тактап көрсөк дегеле мындай жазмакер Кыргызстанда жок экен.Деги эле мен жетекчи болуп иштеп баштаган 2005-жылданбаштап “Манас Ордонун” аймагында Камырдын белинде археологиялык казуулар жүргөн эмес. 2003-2004 жылдары белгилүү археолог Бакыт Аманбаеванын жетекчилиги менен бир аз казуу иштери болгон. Анда жер жайнаган балбал таштар эмес, жайнаган сөөктөр чыккан. Анын баарына убагында илимий баа берилген. 2011-жылы эч кандай казуу иштери жүргөн эмес. Кайдагы балбалдарды кайсы чоң машинага жүктөп кеткенин түштөрүндө көрсө керек.

Менин билимим экономист, саясатчы, убагында партиялык чарбалык кызматтарда иштегем. Тарых, санжыра боюнча ушул жазып жаткандар намысы болсо итче каппай, бетме-бет чыгышса билим сынашсак жакшы болот эле.

Балбал таштарды сатмак түгүл, Талас өрөөнүнөн чыккан таштарды чогултуп отуруп, Ордодо ачык асман алдындагы балбал таштардын музейин ачканбыз. Бул боюнча бизге белгилүү археолог, тарыхчы Кубат Табалдиев илимий жактан жетекчилик кылган.

Кайсыл археолог таап, китепке түшүрүлгөн балбал таш качан жоголуп , сатылып кеткенин кайсыл археолог тактап бере алат экен. Бул жерден археологдордун атына жамынбай коюшса болмок экен.

Арызчылардын негизги максаты балбал таш эмес. Алардын максаты Ордонун жетекчисинин кызмат орду. Курулуп элдин баасын алып, улам көрктөнүп бара жаткан Ордону басып алмай, арам ойлорун ишке ашыруу.

Эки ортодо маданият министирлигинин жетексчилигине сөз келтирип, алардын атына паракорлукту жабыштырып намысына ойногулары келишет. Жазып жаткан “жазуучулар” өздөрүн мусулманмын деп эсептешсе, куранда ачык жазылган “ жалган жалаа жапкан, өзүнүн баласынын этин жегенге барабар”-деп...

Убакыт сааты келет, мен (Чоюнбаев О.Ж.) Ордодо түркүк болуп түбөлүк калбаймын. Азырынча кудайга шугур иш жүрүп жатат. Жазгандарында дейт-дейт дей эле бербей так фактыларга таянып, айтарын ачык жазып чыгышса, анда адам катары чоң иш жасаган болушаар эле.

 

Кыргыз Улуттук “Манас Ордо”

комплексинин башкы директору                                         Чоюнбаев О.Ж.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости