www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддагы Сузак райондук соту 19 жаштагы айыпталуучу Уларбекке (ысымы өзгөртүлдү) карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат деп билдирет Турмуш басылмасы.

Уларбек 2018-жылдын 5-мартында саат 08:00 чамасында жубайы Мираны (ысымы өзгөртүлдү) сабаган деп айыпталып жатат. Окуя Сузактагы Кара-Алма айылында болгон.

Ал эми айыпталуучунун айтымында, ошол күнү аялы экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер жаралып, аны үйгө күч менен алып кирген. Бирок депкир менен сабаган эмес. Жубайлардын ортосунда андан 10 күн мурун да уруш чыгып, анда аялынын көзүнө сокку урганын айтты.

Жабырлануучунун көрсөтмөсү боюнча, 4-марттагы жаңжал учурунда күйөөсү аны депкир менен ургулаган. 5-мартта саат 08:00 чамасында алар кайрадан чырдашып, чачынан сүйрөп үйгө алып кирген күйөөсү ур-токмокко алган.

Жыйынтыгында сот Уларбекке 3 миң сом өлчөмүндө айып салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости