www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бирөөлөрдүн уйкусун бузган Исаков

Шейшемби, 24-июлда Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-августка чейин камакта болоорун билдирди. Сот жабык эшик артында өттү, сырттан эч ким киргизилген жок, журналисттер дагы.

Адвокат Нурбек Токтакунов: « Жогорку соттун коллегиясы Бирин­чи Май райондук соту 5-июнда өкүм чыгарган. Ал эки айга созулган­да мөөнөтү 5 -августка туура келет экен. Болгону ошого тууралап ко­юшту», – деди.

Мамлекеттин Башкы сотундагы болуп өткөн бул процесс боюнча адвокат Н. Токтакунов Жогорку сотко « Исаковдун баш коргоо чара­сын - сыртка чыкпоо боюнча » тил катка өзгөрткүлө деп кайрылышка­нын, бирок өтүнүч канааттандырылбаганын айтты.

Эске салсак, 2018-жылдын 29-майында иликтенген кылмыш иши­нин алкагында Сапар Исаковго КР КЖК 303-беренесинин 1 б. (Кор­рупция) менен кылмыш иши козголгон болчу. 5-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен аны УКМК тергөө абагына кирги­зишкен. 13-июнда шаардык сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Булак: «Айгай-пресс»

Последние новости