www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаровго айла жок экен

Жуманын башында Эльдар Алишеров деген эме Эконо­мика министринин орун ба­сарлыгына дайындалды. Ошол эле күнү NazarNews. kg булагы жаңы зам. министр тууралуу төмөндөгүдөй пи­кирин жазып чыкты: «Эльдар Алише­ровдун бул кызматка кандайча келип калганы көптөгөн суроолорду туудур­ду. Топтолгон маалыматтарга таянсак ал ЖК депутаты Акылбек Жапаров менен бизнесте да, мамлекеттик жу­мушта да тыгыз байланышта болуп келгенин көрсөтөт.

Маалыматтар боюнча, Э. Алишеров 2010-жылы депутат Акылбек Жапа­ровдун жардамчысы болуп иштеген, 2014-жылы кайра эле А. Жапаровдун жардамчысы кызматтарын аркалаган. Мындан тышкары, ишкер катары А. Жапаров экөөнүн бизнесте да чогуу ке­латканы маалым. Э. Алишеров мурда “Глобалико Холдингс” ЖЧКсынын же­текчиси болуп иштеген жана бул ком­пания А. Жапаровго тиешелүү “Дамас” мейманканасын айнектегени менен белгилүү. Анын бул компаниясы менен А. Жапаровдун “Дамас” мейманаканасы бир даректе - Жумабек көчөсү, № 107де жайгашкан. Учурда юстиция министр­лигинин базасында “Глобалико Хол­дингстин” жетекчиси катары Уланбек Абыкеев катталган. Э. Алишеров ме­нен У. Абыкеев “Келечек Эл” партиясы­нын негиздөөчүлөрү да болушат» депжазат атал­ган сайт.

Эльдар Алишеров мындан тышкары дагы эки компанияга ээлик кылат, ЖЧК «Альфатроникс» жана «Илбирс-Секью­рити» аттуу кайтаруу-детективдик ЖЧКсы. «Альфатроникс» ЖЧКсы мей­манкана жана ресторандарга ар кан­дай кызмат көрсөтүү менен шугулда­нат. Бул компаниянын бизнеси дурус эле шуулдап атканы менен мамлекетт­ке болгон салыкты тийиштүү деңгээлде төкпөй келгени туурасында да расмий маалыматтар калкып жүрөт. Мисалы, бир жылда 3 миң 695 сом гана «эптеп» салык төккөн. Ошондой эле тилди сын­дырчу Alfatronix Limited деген компа­ниянын да «кожоюну» экени айтылуу­да. Бирок бул туурасында юстиция ми­нистирлигинин маалымат базасында көрсөтүлбөгөн. Эльдар Алишеров де­ген бул кыйын бала учурда мамлекттик масштабдагы «Доступ­ное жилье-2020» деген чоң программанын ал­кагындагы төмөн пайы­здагы бирок, чо-оң иппотека­лык кредит алууга умтулган бир­ден-бир талапкерлердин бири. Көрдүш, ушундай жап жаш бала ушунчалык ири компаниялардын ээси болгонун. Мын­дайлар жомокто гана болот, анан биз­дин Кыргызстанда. Эми ушу бала эко­номиканы өнүктөрүү министринин за­мы болуп отуруп калды. Анын мындай даражага жетүүсүнө Абылгазиевдин «мазговой центри» деп эл оозунда ай­тылып жүргөн, азыркы президенттин будущий кудасы болот экен деп жаткан ЖК депутаты Акылбек Жапаровдун ролу чоң экени коомчулукта айтылып жатат. Кылтакка илинди болуп, кылмыш иши козголду деген А. Жапаровго болсо ай­ла жок экен...

Ошентип, Алишеров Эльдар Турали­евич экономика министринин орун ба­сары болуп дайындалды. Тиешелүү буй­рукка премьер-министр Мухаммедка­лый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Булак: "Айгай"

Последние новости