www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын төш белгилер менен камсыздоо тартибин өркүндөтүү максатында кабыл алынган.

Анда жергиликтүү кеңештин депутатынын күбөлүгүнүн жана төш белгисинин үлгүсүн, ошондой эле алар жөнүндөгү Жобону мыйзам аркылуу эмес, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан бекитилиши каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости