www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Ээн талаада ойногон от

Гезит бетин барактап отуруп, табияттын мага көрсөткөн сырын ичиме катпай окурмандарга тартуулагым келди.

Мындан көп жыл мурун кеч күздө Кара-Кечеден көмүр тартып, Бишкек-Жумгал жолдорунда жүрүп калдым. Кара-Кечеге күндүз барганың менен кезек жеткиче кеч кирип, түнкүсүн оор жүк менен жол тартасың. Бир күнү Кара-Кечеден бери чыккандагы ээн талаага келгенде машинам бузулуп, кабинанын ичинде отургам. Көзгө сайса көрүнгүс караңгыда машинанын кайсы тетигин карамак элем бир аз уктап алайын десем, уйкум келбейт.

Зериккенимен асмандагы жылдыздарды тиктей ойго берилип кетиптирмин. Бир убакта бет маңдайымдан от пайда боло калып бирок кайра эле өчүп калды. Чын көрдүмбү же жөн эле көзүмө көрүндүбү деп, түшүнө албай караңгылыкты тиктеп калдым.

Көп өтпөй үч метр алыстыкта от дагы пайда болду. Ал жалп этип өчүп калчудай бүлбүлдөп күйүп акырындык менен жылып ойной баштады. Менин билишимче, бул тегеректе эч ким жашачу эмес, кыштын күнү калсаң ажалыңдан мурун тоңуп өлчүдөй, кагыраган таштак талаа.

Оттун пайда болушу алгач мени таң калтырса, акырындык менен бирде оңго, бир туруп солго жылышы коркунуч тартуулап денемди муздак тер басып, рулду кармаган колум титиреп чыкты.

От эми мени көздөй акырындык менен жыла баштады. Топ сымал бирде жарым метр жерден жогору көтөрүлүп, жерге чукулдаганда мени каптап кетчүдөй мага кулачын жая баштады. Коркконумдан машинанын жарыгын араң күйгүзүп карасам от турмак жакын арада бадал, чөп жок. Жүрөгүм лакылдап, оозум кургап, дене боюмду баскан калтырак көпкө созулду.

Таң атканча ордуман кыймылдай албай айланамды элеңдеп карап отурдум. Күн жарыгын жерге тегиз жайганда гана мени тегеректеген коркунуч сезимдеринен бошонуп, эртерээк бул талаадан кутулуп, аман-эсен үйгө кетсем деп, Кудайдан тиленип ийдим.

Аңгыча артымдан чогуу иштешкен Асан аттуу байке келип калды. Мени көрүп: "күн чыккыча көмүр күзөтүп отурдуңбу, сага эмне болду?"-деп мага жакын келгенде машинамдан түшүп, түндө бузулуп калып, караңгыда кайсы тетигин караарымды билбей таңдын атышын күтүп отурганымды айттым. "Уйкусу келип, атайы эле токтосо керек дегем", - деп, мага жардамдаша арыдан-бери оңдоп, жолго чыктык.

Кийинки рейске чыгаарда аталаш инимди жардамчы кылып, өзүм менен чогуу алып жүрдүм. Азыркы убакка чейин алыска сапар тартаарда бир күн мурун машинаны техникалык кароодон өткөрүп, жаныма киши алмайынча жолго чыкпайм.

Бакир ДАЙЫРОВ, Жумгал району

Булак: Сырдуу дүйнө

Последние новости