www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соңку иликтөөнүн жыйынтыгында Кы­ргызстанда сатылып жаткан дарылардын көпчүлүгү ооруну айыктырууда таасирдүү эмес болуп чыкты. Тагыраак айтканда көмүскө базарда айланган, аткезчилик жол менен кирген, сапатын тийиштүү органдар көзөмөлдөбөгөн дарылар көп экенин Стратегиялык демилгелер бор­борунун байкоочулары аныктаган. Мын­дай шалаакылыктын бирден бир себеби - бирдиктүү электрондук саламаттык ба­засы жок.      

Айтмакчы, биздин өлкөдөгү сатылып жаткан дарылардын бирдиктүү базасын түзүүнү мындан 3 жыл мурун ошол кезде­ги саламаттык сактоо министри Талант­бек Батыралиев Түркиянын мисалында сунуш кылган жайы бар. Бул долбоор иш­ке ашканда, фармацевтика тармагында­гы коррупция, бир эле дарыны ар кайсы дарыкана ар башка баада сатуу жана ал дарыны алып кирген компаниялардын салыктан качуусу сыяктуу көрүнүштөргө бөгөт коюлмак.  

Врачтык түйшүктүн бир да тепкичин ба­сып өтпөсө да министр болгон учурдагы саламаттыкты сактоо министри Космос­бек Чолпонбаевдин кесиби фармацев. Ки­шини дарылаганды билбесе да кур дегенде кишилерди дарылай турган дары-дармек­терди тыңыраак көзөмөлдөгөнгө кесиби дары-дармек сатуу боюнча адис К. Чолпон­баев ушул ишке жарай албаса... анда анын колуна бүтүндөй бир мамлекеттин элинин саламаттыгын сактоочу тармактын жетек­чиси кылуу акыйкаттыка жатабы?

Булак: "Айгай"

Последние новости