www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР президенти Сооронбай Жээнбековго Кайрылуу

Менин Сизге кайрылуумдун себеби; жолдошум Абиров Шаршенбек жалган жалаа менен 2012-жылдын 20-декабрынан бери камакта отурат жана ал киши өлтүрүүгө катышы бар деп, 15 жылга эркинен ажыратылууга соттолгон.

Бирок ал бул кылмышка эч кандай тиешеси жок. Анткени ал негизсиз көрсөтмөлөр менен адилетсиз соттолуп кеткен. Тергөө дагы, соттук териштирүү дагы толук текшерилбей, мыйзамсыз өкүм чыгып калган деп эсептейм.

Тергөө учурунда Абиров Шаршенбек, Абиров Бакытбек, Асанкан уулу Эрнисттерге карата адам өлтүрүү жана адам уурдоо беренелери менен айыбы угулган.

Себеби кылмышты кылган Б.Абиров жана Э.Асанкан уулу тергөө маалында Ш.Абиров билген деген сөздүн гана негизинде Ш.Абировго айыбын угузушкан. Болгондо да Ш.Абиров милиция кызматкерлери ага чалып чакырганда өзү барган. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту менен соттук териштирүүдө Э.Асанкан уулу жана Б.Абировдон жогоруда айтылган беренелер менен соттолуп, ал эми менин жолдошум Ш.Абиров 339-берене (кылмышты жаап-жарышуу) менен соттолгон.

Бирок бул чечим сот тарабынан туура эмес чыгарылган деп эсептейм. Анткени сот озунун эле өкүмүндө Ш.Абировдун кылмыш окуясы боюнча Ш.Абиров кантип окуя болгон жерге чакырылгандыгы, окуя болгон жерге саат канчада кандай жол менен келгендиги аныкталган эмес жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 82-беренесине ылайык кылмыш иши боюнча кылмыш окуясы (убакыт орду) далилденүүгө жатат деп көрсөткөн. Сот өзүнө-өзү карама-каршы чыгып, эмнегедир Ш.Абировду күнөөлүү деп тапкан, бирок өкүмдө анын күнөөсү эмне менен далилдегени көрсөтүлгөн эмес.

Экинчи инстанцияда (Бишкек шаардык соту) сот жогорудагы Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, Ш.Абировду адам өлтүрүү беренеси менен соттоп салган. Бирок Бишкек шаардык сотунун өкүмүндө дагы Ш.Абировдун күнөөсү эмне менен далилденип жаткандыгы көрсөтүлгөн эмес.

Экинчи инстанциянын сотунун чечими менен макул болбой Ш.Абиров Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөл даттануу арызы менен кайрылган.

Жогорку сотто соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочу А.Шүкүрбеков да экинчи инстанциянын чечимин жокко чыгаруу сунушун келтирген. Демек ал дагы Ш.Абировдун кылмыш боюнча күнөөсү  бар экендигине күмөн санап жаткан.

Бирок тилекке каршы, мунун баарын эске албай, Жогорку сот да Ш.Абировду күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле, Жогорку сот дагы Ш.Абировдун кылмыш боюнча күнөөсү кандай далилдер менен аныкталып жаткандыгы тууралуу сот өкүмүндө көрсөткөн эмес.

Ушул убакытка чейин мен болгон жерге арзым менен кайрылып, адилетсиздик жөнүндө айтып келе жатам. Бирок менин сөзүмдү эч ким уккусу да келбейт. Укук коргоо органдары бири-бирине кат жөнөтүп эле жүрүшөт. Жолдошум Ш.Абиров окуя болгон күнү жумушта болгону тууралуу күбөлөр бар экендигин айтып жатса да, эч ким аларга көңүл болгон жок.

Бул иш боюнча жаңы ачылган жагдай менен текшерүү жүргүзүп,күбөлөрдү сурап, адилеттүү чечим кабыл алынсын деп укук коргоо органдарына кайрылып келе жатам.

02.08.2017-жылы Бишкек шаарынын Ленин РИИБнун орун басары Уркунов Э. Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуроруна жиберилген тактамасына ылайык мен атаган жагдайларды да тактамасына көрөтүп, Ш.Абировдун күнөөсүн далилдөөчү эч кандай иш чаралары жүргүзүлбөгүндүгүн көрсөтүп кеткен.

Бирок жаңы ачылган жагдайлар боюнча Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Ш.Абировдун күнөөсү толук далилденген, ишти баштоого негиз жок деген токтомун чыгарып койгон. Менин айткан, Ш.Абиров арызында көрсөткөн дооматтар божомол катары эсептелинет деп, биз көрсөтүп жаткан күбөлөрдү издеп, аларды суракка алуу боюнча эч кандай текшерүү иш-чараларын жүргүзгөн эмес. Токтомду өзүлөрү «балким» деген сөз менен божомолдоп кабыл алышкан. Бул тууралуу кайра-кайра эле «балким» деген негиз менен бизге баш тартып келе жатышат.

Менин бирден бир жеке оюм: эгерде Ш.Абировдун күнөөсү жок болсо, бул ишти тергеген, соттук териштирүү жүргүзгөн адамдар туура эмес иш жүргүзүп, мыйзам бузуп, күнөөсү жок адамды камап, соттоп алгандыгын билишип, өзүнүн кызыкчылыктарын коргоп, эртеңки күнүн ойлошуп, азыркы күнгө чейин мага жана Ш.Абировго баш тартып келе жатышабы? Жок, андай эмес дешсе, андан эмне себептен мен жана Ш.Абиров көрсөткөн жагдайларды текшерип берүү өтүнүчтөрүбүздү канааттандырышпайт?

Ал эми Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 83-беренесине ылайык айыпкердин, соттолуучунун көрсөтмөлөрү, анын ичинде өзүнүн күнөөсүн мойнуна алышы иш боюнча бардык далилдердин жыйындысы милдеттүү текшерүүгө алынууга жана баа берилүүгө тийиш. Ш.Абиров соттолгон Э.Асанкан уулунун жана Б.Абировдун берген көрсөтмөсү менен гана тиешеси бар деп соттолгон. Бирок Б.Абиров менен Э.Асанкан уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 312-статья боюнча өкүм чыгаруу учурунда сот жосунду соттолуучу жасагандыгынын далилденген далилденбегендигин көрсөтүшү керек жана 315-статьясына ылайык айыптоочу өкүм, соттук териштирүүнүн жүрүшүндө соттолуучунун кылмышты жасоодогу    күнөөлүүлүгү изилденген далилдердин жыйындысы менен ырасталган шартта гана чыгарылат жана божомолдорго негизделүүгө тийиш эмес деп көрсөтүлгөн.

Бирок бир да сот бул талаптарды сактаган эмес, мыйзамсыз, негизсиз, адилетсиз божомолдуу өкүм чыгарган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинде жана Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 15-беренесинде тийиштүү укуктук жол-жобонун чегинде четтетилиши мүмкүн болбогон айыптоонун далилденгендигине бардык шектенүүлөр айыпкердин пайдасына чечилет деп көрсөтүлгөн.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сизди ушул жогору айтып жаткан арызым боюнча тура жыйынтыкка жана адилеттүүлүк менен карап берет деп ишенем жана мен ушул убакытка чейин адилетсиздүүлүк менен алышып, кимге гана кайрылган жокмун. Мен ишенем Сиз менин абалымды түшүнүп, менин арызымды көзөмөлгө алып, акыйкат чечим чыкканга жардам бересиз деген терең ишеничтемин!

Абирова Айжамал 0700 69 14 05

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости