www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Саламатсызбы, учурда коомчулуктун арасында Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерди тандоо кызуу талкууга алынып жаткан учуру. Сиздин пикириңиз кандай?
--Азыркы учурда Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлер жөнүндө ар түрдүү ойлор жазылып жатат. Айтылган, көрсөтүлгөн талапкерлер баары татыктуу. Бирок мен, акыйкат үчун Азиз Суракматов жөнүндө өз оюму жазып коюну туура чечтим. Азиз, өзү өтө жөнөкөй, терең билими, тажрыйбасы бар. Бишкек шаарынын баардык структурасында иштеген, дасыккан адис. Кесиби боюнча архитектор, Башкыархитектурада иштеген, андыктан шаарга " градоначальник" болуп иштөөго платформасы бекем. Экинчиден шаардык Кеңешке эчен ирет депутат болуп иштеген мезгилде Бишкек шаарынын көйгөйүн конкреттүү чече алган. КР ЖК V-чакырылышынын депутаты катары Республикабыздын, ошонун ичинде Бишкек шаарынын маселелерин чечүүдө конкреттүү иштерди алып барган. Бишкек шаарынын бүтүндөй проблемаларын билет жана чече алат. Адамгерчилиги бийик инсан, канчалаган жетим-жесирлерге жардам берет, бирок, бир жолу да өз жардамдарын массалык маалымат каражаттары аркылуу айтканын уккан жокмун. 5 жыл Жогорку Кеңеште Азиз Суракматов менен бир партада олтурдум. Азиздин адамгерчилигинен баштап, күчтүү жетекчи экенин билем. Ошондуктан, урматтуу ФБ достор, деги эле шаардыктар Азиз Суракматовду колдоого Сиздерди чакырам. Мен ишенем Азиз Суракматовго, Ссн да ишен замандаш!
Булак: NazarNews.kg