www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Асманга, тилекке каршы, мүрзө аркылуу гана бара аласың.
(Бауржан Тойшибеков)
Жай, шашпай жаша, бирок, бат өл.
(Аркадий Давыдович)
Өлүктөр адам эмес, бирок, адамдар өлүк эмес деп ким айтты?
(Наталья Тышкевич)
Мен анын таажиясына катышкандан баш тарттым, бирок, сылык түрдө кат жолдоп, бул иш-чараны колдоорумду билдирдим.
(Марк Твен)
Өлүмдөн мурда өлбөйсүң.
(Орус макалы)
Өзүңдүн өлүмүң менен ынтымакта жаша, о адам!
(Константин Щемелинин )
Биз баарыбыз өлүмгө өкүм кылынган абалда туулабыз.
(Валерий Афонченко )
Уктап, кайра ойгонбой калган – адамзатына буюрган эң сонун жазмыш.
(Солон)
Наристенин биринчи кадамы – анын өлүмдү көздөй жасаган алгачкы кадамы.
(Козьма Прутков)
Улуу адамдар көбүнчө бекерпоздордун колунан өлүшкөн.
(Уильям Шекспир)
Падышага жакын болгонуң – өлүмгө жакын болгонуң.
(Орус макалы)
Өлүм гана адамдын денеси болбогон бир нерсе экенин көрсөтөт.
(Децим Юний Ювенал)
Өлөр замат “өлөм” деп кейибеш керек экенин түшүнөсүң.
(Леонид Леонидов)
Сенин таажияңа келбегендердин баары үчүн сен түбөлүк тирүү бойдон каласың.
(Валерий Афонченко)
Өлүм эч кимди ылгабайт, бирок бизге эң сулууларды, эң акылдууларды, эң боорукерлерди, эң башкысы, биз эң жакшы көргөн адамдарды гана алып жаткандай сезиле берет.
(Илья Шевелев)
Өлүмдү көргөн киши “жашоону көрдүм” деп айта алат.
(Вячеслав Васильевич Бучарский)
Өзүн өзү өлтүрүү Кудайга “сиз мени иштен бошото албайсыз, мен өз ыктыярым менен кетем” деп айткан сыяктуу эле кеп.
(Билл Мейхэр )
Кой курмандыкка чалынат, бүргөлөр аман калат.
(Эрих Мария Ремарк)
Өлүм алдында гана биз жашоо тууралуу эчтеке билбесибизди аңдайбыз.
(Ибн Сина)
Күн сайын эртең менен гезиттеги некрологдорду окуйм да, ал жерде менин атым жок экенин көргөн соң сүйүнүп кетем.
(Нейл Саймон )
Эпитафияларды окуганда дүйнөнү өлүктөрдү тирилтип, тирүүлөрдү жерге берип гана сактап калууга боло тургандай сезилип кетет.
(Пол Элдридж)
Адамдардын көбү бул жашоодон англичандардай, коштошпой кетишет.
(Леонид Крайнов-Рытов)
Бул дүйнөдө өлүмдөн, анан салыктан кутула албайсың.
(Бенджамин Франклин)
Өлүм – байлардан салык өндүрө турган эң ыңгайлуу учур.
(Дэвид Ллойд Джордж )
Өлүм – тоонун ары жагында эмес, желкеңдин артында.
(Орус макалы)
Мен өлбөс боло алмакмын, бирок, өлгүм келбей жатпайбы.
(Александр Ратнер )
Өлгүң келип калганда өлгөндөн көрө, жашагың келип турганда өлгөн жакшы.
(Эрих Мария Ремарк)
Чыныгы мүрзө көрүстөндө эмес, унуткан жүрөктөрдө.
(Жан Кокто)
Мен эч качан өзүмдү өзүм өлтүрмөк эмесмин. Себеби, адамдарга ишенем, мага жагынгысы келген бир киши өлтүргүч кантип эле табылбасын?
(Станислав Ежи Лец)
Балдар баканы ойноп эрмек үчүн өлтүрүшкөнү менен бакалар чындап өлүшөт.
(Белгисиз автор)
Качан өлөрүңдү билбейсиң да, ошон үчүн бүгүнтөн эле тобо келтирип башта.
(Абот Р.Натан)
Мамат Сабыров
Булак: "Азия Ньюс"