www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маалыматка ылайык, 2019-жылы Кыргызстан Гренада, Мозамбик, Кирибати, Науру сындуу 8 жаңы өлкө менен дипломатиялык мамиле түздү. Демек, ушу тапта баш-аягы 164 мамлекет менен дипломатиялык байланышыбыз бар.
«Өткөн жылы 87 миң консулдук кеп-кеңештер берилген, бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу кыйла көптүк кылат. Ошондой эле, Россиянын Новосибирск шаарында консулдук кызмат ачылды. Азыр ушундай кызматтарды Якутск, Иркутск, Сахалин шаарларында да ачуу пландаштырылууда», - деди тышкы иштер министри.
Андан тышкары, санариптештирүү жылынын алкагында Тышкы иштер министрлиги Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргелешип 38 консулдук жай автоматташтырылган маалымат тутуму менен жабдылды.
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет Тышкы иштер министрилигинин 2019-жылдагы иши жөнүндө отчетту угуу жол-жоболорун андан ары жабык эшик артында улантууну чечти.
Булак: NazarNews.kg