www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми Жалал-Абад шаарынын жаш жеткинчектери дене-булчуңдарын чыңашып, өздөрү жашаган үйдүн короосунда эле спорт менен акысыз машыга алышат. Шаар мэриясынын демилгеси менен көп кабаттуу үйлөрдүн алдында жайгашкан балдар аянтчаларына буга чейин болуп көрбөгөн жаңы спорттук жабдуулар коюлду. Эми эскирип, талкаланып бараткан балдар аянтчаларынын да көйгөйлөрү чечилмей болду.

Жалал-Абад шаарынын бийликтери көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы балдар аянтчаларына жаңы спорттук конструкциялар орнотулду. Буга чейин балдар спорттук көнүгүүлөр менен акылуу спорт жайларында алектенип келишкен. Эми алар акча коротпой эле өздөрү жашаган аймакта каалаганча машыга алышат.

Шаар аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы балдар аянтчаларынын көбү оңдоого муктаж. Ал эми айрым жерлерде балдар аянтчалары такыр эле жок. Жергиликтүү бийлик аталган көйгөйдү чечүү үчүн быйыл шаар бюджетинен 2 миллион сом каражат бөлдүрүп, балдарга шарт түзүү иштерин колго алган.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев спорт жабдуулары орнотулуп жаткан жайга барып, иштин абалы менен таанышты жана балдарга түзүлүп жаткан камкордукка ыраазы болду. Көп кабаттуу үйлөрдүн короосуна спорттук жабдууларды орнотуу ишин улантууну жана сапат жагына көңүл бурууну тапшырды. 

Спорттук жабдуулар атайын Казакстандын Алма-Ата шаарынан алынып келген. Шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан алардын 10у орнотулуп бүттү, дагы 20 комплектиси ар кайсы көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы балдар аянтчаларына орнотулат.

Жогоруда айтылгандай, Жалал-Абад шаарындагы балдарга жашаган жеринде жакшы шарттарды түзүү иштерине шаар казынасынан 2 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражатка колдонуудан чыгып калган 7 аянтча кайра калыбына келтирилсе, дагы 8 жаңы балдар аянтчасын куруу иштери каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости