www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунда он жаштагы секелектин зордукталганы боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кармала элек. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева "Азаттыкка" билдиргендей, шектүүнү издөө иштери уланууда. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

- 10-июлда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө бул факты катталып, Кылмыш кодексинин 130-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети") менен кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Милиция тарабынан ыкчам издөө иштери, кылмыштын бетин ачуу аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Маалыматтарга караганда, окуя 10-июлда күндүз Сокулуктун базарында болгон. Кыздын жакындары базарда соода кылган энесине жардамдашып жүргөн секелек дааратканага барганда зордуктоого кабылганын айтышкан.

Милиция билдиргендей, аймакта бул жумада жашы жете элек зордукталды деген дагы бир окуя орун алды. Жайыл районундагы Степное айылынын тургуну 7-июлда он беш жаштагы кызды ала качып, андан кийин "зордуктаган" деп шектелүүдө. Милицияга кыздын атасы арыз менен кайрылып, зордуктоо болгонун маалымдаган. Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 23 жаштагы шектүү жаранды кармаган. Бул факты боюнча 129 ("Зордуктоо"), 154-("Жашы жете элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо") беренелеринин негизинде кылмыш иш козголгон. Азыр соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатканы кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости