www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте балдар үйүнөн тарбияланып чыккан кыздар үчүн "Жаштар үйү" ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

"Киргизия-1" айылында жайгашкан 24 орундуу убактылуу жашоочу жай кыздарды гана кабыл алат.

Аны "Жетим балдардын укугун коргоо" коомдук фонду ачты. Мындан ары "Жаштар үйүн" интернатта тарбияланып чыккан балдарга колдоо көрсөтүүнүн алкагында Бишкек мэриясы каржылайт.

"Кыздар акысыз жашап, үч маал тамактанышат. Ошондой эле шык-жөндөмүнө жараша колледж, ЖОЖ, кечки мектеп сыяктуу билим берүү мекемелерине окууга киргизилет. Зарыл болгон учурда аскердик каттоого тургузулуп жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна каттала алышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин ушул сыяктуу дагы бир убактылуу жашоо жайы ачылган. Анда быйыл балдар үйүнөн чыккан 22 тарбиялануучу жашап жатат.

Булак: NazarNews.kg 
 

Последние новости