www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы балдарга вакцина саюу 2022-жылдын январынан тарта башталышы мүмкүн, учурда клиникалык сыноолор жүрүп жатат. Бул тууралуу Москвадагы №52 клиникалык шаардык оорукананын башкы дарыгери Марьяна Лысенко билдиргенин РИА Новости жазат.

Учурда Орусия борборунда 12-17 жаштагы өспүрүмдөр үчүн вакцина атайын сыноодон өтүп жатат. Изилдөө 5-июлда эле Морозов жана Башляев атындагы балдар ооруканаларында башталган. Эмдөө "Спутник V" вакцинасы менен жүргүзүлүп, балдарга колдонулчу доза чоңдордукунан алда канча аз болору кабарланат. Изилдөө бир жылга созулуп, бул аралыкта балдар ар дайым дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.

"Азырынча бул боюнча активдүү иштеп жатабыз. Январдан тарта эмдөө башталат. Учурда клиникалык сыноолор жасалууда, бирок азырынча жыйынтык чыга элек. Азыр баары жакшы бара жатат, декабрь-январда Гамалея институтунан балдар вакцинасы чыгат деп ишенебиз", — деди Лысенко балдарды коронавируска каршы эмдөө боюнча айтып берип жатып.

Изилдөөгө мурда коронавируска кабылбаган, препаратка каршы көрсөтмөсү жок жана дени сак балдар катышаары айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости