www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индонезиянын туристтик аралы болгон Бали, коронавирус (COVID-19) апаатынан улам жыл соңуна чейин чет элдик туристтерди кабыл албайт.
INews интернет баракчасында берилген маалыматка ылайык Бали губернатору Уайан Костер, 11-июлда чыккан чечимдин негизинде чет элдик туристтерди кабыл алуу 2021-жылга жылдырылганын билдирди. Уланып жаткан вирус себебинен улам чет элдиктерди кабыл алуу шартка ылайык эмес экендигин айткан Костер, апаат менен күрөшүү жана калктын коопсуздугу баарынан маанилүү экендигин баса белгиледи.
Экономикасынын 80% туризмден түзүлгөн Балиде учурга чейин 2667 киши жумушунан айрылган. 153 миң киши COVID-19'га кабылып, өлгөндөрдүн саны 6680 жеткен. Ал эми 107миң 500 киши оорудан айыкты.
Булак: NazarNews.kg