www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламентке чабуул жасай турган партиялар бардыгы эле «жылдызга» айланышкан. Ошолордун арасында электораттын көзүнө жакын көрүнгөн планеталар да бар. Партиянын барын санап жүрмөк белек. Биз элдин көзүнө көрүнгөн тогуз планетаны, күн менен кошуп санап көрөлү.
Меркурий
“Замандаш”
Меркурий- күн системасында күнгө жакын эӊ кичине планета. Бийликке өмүр боюу жакын, лидеринин партия жетекчиси деген сөөлөтү бар болсо да, кичинекей эле сөлөкөтү жүрөт, сөөдүрөп-дөөдүрөп сүйлөп, партиясына барса жөөлүп, чоӊ жыйында «өлүк» партлидерге айланган. Бийлик анын оозун «скоч» менен жамап, көчүккө тээп, өзүнүн сөзүн сүйлөтүп алат. №1 дудукка айланган партлидери шайлоолордо гана ойгонот. Ойгонгондо да «ободон» түшпөй калат.
Чолпон
”Ата-Мекен”
Шайлоо жокто чолпондой жанып жүрүп, шайлоо болоордо чаян сымал артына жылган партия. Анын чоо-жайын билген сдпкчы Мадеминов чоң муштуму менен чокчолоңдоп алат. Башкалар чокусуна анын жанына батынып бара алышабы, барышса эле жуубас чырга калбайбы?
Жер
“Мекеним Кыргызстан”
Оо, Жер-эне, кыргыз элинин камы аз, даны аз, шамы аз, наны аз, каны дүргүп чыга турган болду. Мекеним Кыргызстан сени баткакка тыгып кетишкендер деле оңгон жок, эми Мекеним Кыргызстанды капремонттон өткөзүп алдыга чыгарар киши табылар.
Марс
“Ак Шумкар”
Марс - кызыл планета. Бети дайым кызарып турат. Бирок Сариевдин такыр бети кызарбайт. “Ак Шумкары” өзүнөн чоӊдорду көрсө мышмыӊдап мышыкка айланат, шайлоого келсе түлкүгө айланат, а бирок өзү чычкан. Чычкандын чоӊурагы момолой!
Юпитер
“Биримдик”
Юпитер – күн системасында эӊ зор планета. Учурда “Биримдик” да парламентте чоң фракция болгусу келет.
Сатурн
“Бир бол”
Сатурн- өзгөчө шакеги бар планета. Алтынбек баатыр дагы алтын шакектүү, өзгөчө кошоматы жанган инсан. Бөтөнчө кыргыздын тарыхы дегенде 5 миллион сомду да аябайт. Кыргыздын тарыхында «Алтын шакек» -деген оюн болгон. Алтын шакекти бир топ кишилердин ичинен бирөөнүн колуна салып, «Алтын шакек учуп чык» - дейт. Сатурн шакеги колдогон Алтынбек «шакектин» да учуп чыгар кези келеби?
Уран
“Кыргызстан”
СДПК партиясынан “Кыргызстанга” кире качкандардын бири Кожобек Рыспаев. Кыргызды келечекте «урандата» турган жигиттеринен. Кожобек жөнүндө кенч кептер келечекте айтылар, анткени СДПК лидери Атамбаевден таяктын көбүн ушул жигит жеди. Уран жөнүндө кеп болгондо, урандын зыяны жок, мен уран чыгарган жерге керек болсо түнөйм деп ураан көтөрүп чыккан. Уран планетасы эмес, уран изотобу кыргызды кыйнап турат, ошол үчүн Кожобектин урааны көпчүлүккө жаккан жок.
Нептун
“Республика”
«Республика» республикабызды да, Күрт республикасын да такымынан алып, чек араны жаптырып, кыргыз элин чүнчүтүп келаткан. Кийин Бабановдун мурдунан суусу куюлуп, партиясын жээни Жээнчороевке өткөзүп берген. АКШдан келип жаткан акчалар дымагына дымак кошуп, Бабанов коён жүрөгүн жолборстун жүрөгүнө операциялык жол менен алмаштырып жатат имиш.
Плутон
“Бүтүн Кыргызстан”
2011-жылдагы президенттик шайлоодо Мадумаровдун ташы өйдө кулаган да учурлары болгон, Мадумаровдун ташы ылдый кулаган да учурлар болгон. Мадумаровдун ташы Сизифтин ташына окшошуп кетет. Мадумаров Сизифке окшоп ташын өйдө чыгарып баратып чекке жеткизбей таштап жиберет, андан кийин да ташын улам өйдө кулатып баратып таштап жибере берет. Адахамдай жигиттер бийлик башына келсе «Камчы (кнут) же пряник» -деп элди камчылабаса эле болду.
Күн
“Мекенчил”
Сазда тыгылып жаткан Садыр Жапаровго күндүн нурун чачкысы келип «Мекенчилди» журт катарына кошмок түгүл, парламенттик шайлоодо баш байгени илип кетүүгө «илимий илхомун» арнаган турат. Ташиев парламентте гана эмес, мамлекетте зор саясатчы болмок,негедир ташы өйдө кулабай турат. Аны камап коюп чыркыратып да көрүштү, «джинди» бөтөлкөгө тыгып койгондой кылып…
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg