www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаев бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында жөө, коомдук унаа менен жүргөн кесиптештерим үчүн уялам, баш кийимин ылдый басып Ак үйгө кирип жатканын “балп” этти.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу: Евгения Строкова, Карамат Орозова, Альфия Самигулина, Аида Касымалиева коомдук транспорт менен жүргөндүгүн билдирген.

“Балп” эткен экс-аташкабыздан жукканбы айтор, Ош базардын тегерегиндеги көйгөйлөрдөн башка маселе көтөрбөгөн Камчыбек Жолдошбаев өкмөт мүчөлөрүн жарга такап, “силер гитлерден жаман иш кылып атасыңар” деди. Дегенибиз менен Камчыбек Жолдошбаев айрым учурда ачуу-чындыкты ачыкка чыгарып жаткандыгын ачыктай кетпесек болбойт.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеӊеште “Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборундагы авария жөнүндө” токтом кабыл алынды. Ага ылайык, Өкмөттүн күз-кыш мезгилине карата даярдыгын канааттандырарлык эмес деп табылды.

Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаевдин айтымында, токтомдун долбооруна 8 депутаттан кошумча сунуш келип түшкөн.

Жогорку Кеӊештин бул токтому аркылуу Өкмөткө Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин аныктоо, анын кесепеттерин жоюу, экономикалык чыгымдын көлөмүн аныктоо, айрым кызмат адамдарынын аракетине юридикалык баа берүү боюнча сунуштамалар менен тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, кечээ премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйында авариянын себептери, анын кесепеттерин жоюу жаатында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маселе талкууланып, “Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авария жөнүндө” токтом негиз катары кабыл алынган болчу. Азыр ал депутаттардын бир катар кошумча сунуштары менен толукталды.

Андан тышкары, өткөн жыйында Бишкек шаарынын ЖЭБинде түзүлгөн абалды комплекстүү иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал белгиленген мөөнөттө депутаттарды өзүнүн иликтөө жыйынтыгы менен тааныштырууга тийиш.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости