www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017 – жыл 25-октябрь күнү Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дастан Жумабековдун ити чөп жеп, койюнун үстүнө торгой жумурткалап, Жогорку Кеңештин төрагалык кызматына шайланып, учурда жумушун ийгиликтүү алып барууда.

Парламенттин тарыхында эң жаш төрага катары аталган Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин жыйындарын алып барууда айрым учурда кесиптештеринен кагуу жеп атат.

Депутаттар арасында тактап айтканда, Ак үйдүн ичинде  "Ушу Дастан Жумабеков көркөм окууну жакшылап өздөштүрсө, жазылган текстти да так жана батыраак окуса", деген күбүр-шыбыр кептер айтылууда.

Чындыгында төраганын какалып-такалып текст окуп жатканын көпчүлүк байкап эле жүрсө керек. Ачуу чындыкты айта коеюн десең эле, агынан жарылып жан-жөөкөрлөрү "көч бара-бара түзөлөт", деп чыгат. Чындыгында азыркы төрагага “төр” анчалык жарашпай, сөздөрдү кызыктай сүйлөп койчу жагдай бар экен, бир гана сөздү мисалга алсак, кыргыздын “боюнча” деген сөзүн “моюнча” деп салат.

Дегеле 25 жылдан бери Кыргызстан мамлекетинин аткаминерлери "соска" соргон боюнча жүрөт. Дегенибиз, биздин кошуна мамлекеттер 20 жылдын ичинде эл аралык деңгээлде өнүксө, 25 жылдан бери бийликте келе жаткан атка минерлерибиз эмген "соскасы" оозунан түшпөй там-туң басып, тушоосу кесилбей келет.

Бүгүнкү парламенттеги жыйында тилинен чаң чыккан бир-эки эле депутат так сүйлөбөсө, калгандары булдуруктайт эле булдуруктайт...төрдөгүсү тили жаңы чыккан жаш баладай эле тамтаңдады...Мамлекеттин кызматкерлери такылдап турса атаганат...Кыскасын айтканда парламент “баш аламан”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости