www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1–февралда Жогорку Кеңеште эң активдүү эл өкүлдөрүн атай кетели. "Лакылдап" сүйлөгөн Кожобек Рыспаев, кайра –кайра секирип микрафонго жулкунган Сайдулла Нышанов, “басым” менен сүйлөгөн Тазабек Икрамов, беренелерге таянып сүйлөгөн Курманкул Зулушев, Ош базардагы көйгөйлөрдү “куруттай” санап берген “балп - 2” Камчыбек Жолдошбаев, КР саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди сындаган Евгения Строкова, Өмүрбек Бабановдун “премьер-министри” Бакыт Төрөбаев, КР президенттин иниси Асылбек Жээнбеков, сандык көрсөткүчтү көзгө сайып көрсөткөн, эл арасында капчыктуу деп айтылып, “душманынан досу” көп Искендер Матраимов жана “иливою менен сот аркылуу сүйлөшкөн” Дастанбек Бекешов, “кылчайып-кылчайып” сүйлөгөн Канат Керезбеков, алдына ат салдырбаган Мыктыбек Абдылдаев бүгүнкү жыйынга активдүү катышты.

Эске сала кетсек, бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында КР айрым мыйзам актыларына («Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө», «Экологиялык экспертиза жөнүндө» мыйзамдарга») өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Аталган маселе боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» мыйзамда атмосфералык абага физикалык таасирлер жана атмосфералык кубулуштардын жасалма өзгөрүүлөрү боюнча иш-аракетти жүргүзүүгө берилүүчү уруксаттын жок болгондугуна байланыштуу бул мыйзамдын 21 жана 36-беренелерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү сунушталган. Ошону менен катар ЕАЭБдин стандарттарына ылайык келтирүү максатында бир катар түзөтүүлөр белгиленген. Башкача айтканда, атмосфералык аба дуушар болгон зыяндуу таасирди токтотууга багытталган өзгөртүүлөр сунушталган. Ага ылайык, Кыргызстанга 2021-жылдын 1-январынан тартып К2, К3, К4 экологиялык класстагы автомобиль бензиндерин жана К2, К3, К4 экологиялык класстагы дизель майларын сатууга чыгарууга жана пайдаланууга тыюу салуу киргизилүүдө. Сапаты төмөн күйүүчү майлардан дем алуу органдарына зыян келтирүүчү химиялык сера газы көбүрөөк чыгат. Анын кесепети дем алуу органдарын бара-бара ракка чалдыгышын шарттайт.

Талкууда депутат Азамат Арапбаев депутат Дастан Бекешовдун сунушуна каршылыгын ортого салды. Анын сунушуна ылайык, 2019-жылдын 1-январынан тарта бир гана К 5 сапатындагы бензинге уруксат берүүнү кабыл алсак, “Жунда” жана башка ички өндүрүүчүлөрдүн тагдыры кандай болот деген суроону коюп, бул маселеге кылдаттык менен мамиле кылууга чакырды. Экологияны сактоо үчүн анын ордуна автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнү сунуш кылды. Комитет төрагасы А.Назаров мыйзам долбоорун биринчи окууда кароодо депутат Дастан Бекешовдун сунушу эске алынганын, ошол эле маалда күйүүчү май өндүргөн ички ишканалардын иши токтотулбай тургандыгы белгиленгенин, 2019-жылдын 1-январынан тарта алардын продукциялары ички колдонууга эмес, сыртка сатууга чыгарылары боюнча орток пикир табылгандыгын маалымдады.

Депутат Мирлан Жээнчороев экологияны сактоо маселесинде гибрид кыймылдаткычтуу автоунааларды чекарадан киргизүүдөгү бажы төлөмдөрүн минималдаштыруу же таптакыр жок кылуу зарыл дейт. Депутат Дастан Бекешев 2019-жылдан кийин сапаты төмөн күйүүчү майлоочу майларга тыюу салбасак, Бишкек үстүндөгү көк түтүнгө, жарандардын өпкө ооруларынын көбөйүшүнө макул болгон болобуз, дал ушул сапатсыз күйүүчү майлардан улам онкологиялык оорулар кескин көбөйдү деп, долбоорго карата берген сунушун колдоого чакырды. КР экономика министринин орун басары Элдар Абакиров К4 сапатындагы күйүүчү майды колдонууга 2019-жылдын 12-августунан кийин өтүүгө уруксат берүү зарылдыгын чечмелеп берди. “Ортодогу айырма 7-8 ай экен. Биз сапаттуу товарларга өтүүнү тездетип ишти баштасак туура болот”,- дейт депутат Мирлан Бакиров. Депутат Таалайбек Масабиров Орусия, Казакстандан келип жаткан күйүүчү майлардын сапатына жакшылап көңүл бурууну эскертип: “Башкы маселе жарандардын ден соолугу”,- дейт.

Депутат Асылбек Жээнбеков миллиондогон жарандардын ден соолугу өндүрүш токтоп калуудан жогору турарын айтып, жарандардын саламаттыгы үчүн К4, К5 сапатындагы күйүүчү майга эртелеп өтүү зарылдыгын белгиледи. Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматы блдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости