www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азиз Суракматов борбор калаага мэр болбошу керек. Укук коргоочу Калича Умуралиеванын пикиринде, А.Суракматов бизнесмен болгондуктан калаа башчылыгына барышы мыйзамдык алкакта туура болбой калат. Анткени, “мэрдин жумушу жер тилкелери, курулушка уруксат берүү менен байланыштуу. Мэр болуу менен Суракматов өзүнүн курулуш компаниясынын кызыкчылыгын жылдырбайт деп ким кепилдик берет? Мэр – саясий кызмат болуп эсептелип, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга туш келет, анда кызыкчылыктардын кагылышы так-даана белгиленген. А Суракматовдо кызыкчылыктардын кагылышы бар”. Укук коргоочунун айтымында, Суракматов Бишкек шаардык кеңешинде спикер, шаардык архитектуранын башчысынын орун басары болуп турганда бардык курулуштар мыйзамды бузуу менен жүргүзүлгөн. Билими боюнча архитектор болуп туруп, шаардагы чаржайыт курулушка каршы тура алган эмес, тескерисинче абалдан пайдаланып өзү да курулушчу болуп алган.

Жарандык коом А.Суракматовдун мэрлик орунга жылдырылып баратышын катуу сынга алууда. Анын саясатчы, ишмер катары буга чейин коомго жакшы иштерди жасабаганы, ар дайым бизнес кызыкчылык менен гана иштеп келгени белгиленүүдө. Суракматовду ай-асманга көтөрө мактаган айрым топторду анын буюртмасы менен гана жасап жаткан аракеттер деп баалашууда. Буга журналисттер арасында да А.Суракматовдун командасынан акча алып, жоктон таап аны көкөлөткөн жасалма пиар менен иштеп жатышат деген кабарлар түрткү берүүдө.

Социалдык түйүндөрдө А.Суракматовго таандык курулуш компанияларынын моюнунда 2,5 млн доллар насыясы бар экендиги да айтылууда. “Мынча карызы бар киши шаарга иштейби же өзүнө иштейби?” деген суроолор берилет.

“Тазабек” ресурсунун баалоосу боюнча Азиз Суракматов Кыргызстандагы эң бай 100 адамдын катарына кирген. Анын капиталы бери дегенде 15 млн доллар деп бааланат. Ал Жогорку Кеңештин IV чакырылышындагы эң кымбат жол тандабас унаасы бар 13 депутаттын катарында турган. Депутат кезинде эч кандай демилге көтөрбөгөн, эч ким менен талашып-тартышпаган, “балык” депутат катары айтылчу.

Дегеле, Азиз Суракматов шаарда архитектура, курулуш жаатында жетекчи кызматтарда иштеп туруп, ошол эле маалда ири курулуш магнаты болууга да жетишкен.  Ага тандык “Елизавета”, “Столица строй” курулуш компаниялары көп кабаттуу үйлөрдү курса, дагы бир “Slon” кыймылсыз мүлк агенттиги аларды сатат. Мындан тышкары, Суракматовдорго тиешелүү бир катар курулуш компаниялары, кыймылсыз мүлк агенттиктери бар. Булардын баары Азиз Суракматовдун эжеси Гульбара Суракматова менен уулу Айдар Суракматовго катталган. Байлыгы өзүнө буюрсун, албетте Бишкек шаарын гүлдөтүп жиберсин деген гана тилегибиз ишке ашсын. Мүмкүн унчукпай олтуруп,  Бишкектин чок ортосун гүлдөтүп салаар аны күтө туралы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости