www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“7-апрель көчөсүн” ишке ашыргандар жазаланышат. Соттун чечимине ылайык, Шабдан Баатыр көчөсүнүн аталышын “7-апрель” кылып которууга катышкан өкмөттүн жана мэриянын кызматкерлери жоопко тартылышат.

Буга чейин укук коргоочу Калича Умуралиева көчөнүн атын өзгөртүүдө мыйзамдар бузулганын белгилеп доо арыз менен сотко кайрылган. Ал мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын шаардын көчөлөрүнүн бирине ыйгаруу боюнча коомдук сунушту шаардык бийлик мораторияге шылтап четке какканын, бирок айрым бир топтордун Шабдан Баатыр көчөсүн “7-апрель” кылып өзгөртүү демилгесине макулдук бергенин билдирип, муну кош стандарттуулук жана мыйзамдын бузулушу катары белгилеген.

Чындыгында, былтыр Исхак Масалиев баштаган коммунисттер Турдакун Усубалиевдин атын борбордун көчөлөрүнүн бирине ыйгаруу демилгеси менен Бишкек мэриясына кайрылган. Ага  шаардык бийлик көчөлөрдүн аттарын өзгөртүүгө салынган мораторийге байланыштуу баш тарткан жообун берген. Андан кийин “7-апрель” көчөсүн Шабдан Баатыр көчөсүнө ыйгарууну Мээрбек Мискенбаев менен “Апрель баатырлары” коомдук уюму сунуштап, шаардык кеңеш аны шыр эле канааттандырган болчу. Жарандык коом бул демилгеге катуу каршылык кылганына жана аталган мораторийге карабай, мурунку президент А.Атамбаевдин ишараты менен бул маселе оңуна чечилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости