www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Кызылордо облусунда УАЗ жолтандабасы менен балык уулоого баргандар муз алдында калып, төртөө каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Каргаша кечээ кечинде Камбаш көлүндө катталган. Муз жарылып кетип, автоунаа менен кошо ичиндеги жети балыкчы чөккөн. Үчөө суудан өз алдынча чыккан. 

Ал эми жолтандабас менен кошо чөккөндөр көлдүн жети метр тереңинен табылган. Көз жумгандар 26, 35, 39 жана 47 жашта экени айтылды. Аймактагы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды музга чыгарда этият болууга чакырат.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости