www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинде онкологиялык илдеттен жабыркагандар нааразылык билдирип чыгышты. Алар 2021-жылы өкмөттөн аялдардын көкүрөк бездеринин жана жатын моюнчасынын өсмөсүнөн (рагынан) дарылоого бөлүнүүчү бюджет кыскартылганына нааразы болушууда. Алардын айтымында, өсмө оорулуулар менен иштеген уюмдар буга Онкологиялык борбор өз убагында буюртма бербей, муктаждыкты эске албаганын билдиришкен. Кабарчыбыздын маалыматына караганда, ушул тапта министрликте 20дан ашык адам чогулду. Алар менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жолугуп, нааразы болгондордун дооматын укту. Министр 10-декабрда бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп, келерки жылдын бюджетине киргизүүгө аракет кыларын билдирди.

Буга чейин кыргыз өкмөтү онкологиялык оорулуу адамдарды дарылаш үчүн 100 млн. сом, ал эми балдарды дарылоого 60 млн. сом бөлүп келген.

2019-жылы Кыргызстанда көкүрөк бездеринин өсмөсүнө чалдыккан 624, жатын шишигине кабылган 408 аял катталган. Өлүм-житим түзүмүндөгү биринчи орунду көкүрөк бездеринин шишиги ээлеген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости