www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы саясий эрки бар, нукура кыргыздын жолу менен кеткен адам президент болушу керек. Мындай пикирди юридика илимдеринин доктору, профессор Турдукан Жумабекова NazarNews маалымат агенттигине Кыргызстандын учурдагы саясий абалы тууралуу маек куруп жатып билдирди.

--“Кыргызстанга 30 жылдын ичинде кандай адамдар президент болгону баарыбызга белгилүү. Кандай адамдар жетекчи, министр болгону дагы айдан ачык. Ошолордун ичинде бири Батышчыл, динчил, бири теңирчи дегендей бирөө дагы кыргыздын нукуралуулугун сактап иштеген жок. Баары эле өз кызыкчылыгын ойлоп, каяктан гранттар келсе ошол жака ыктап иш жүргүздү. Чынын айтыш керек, буга чейин Баш мыйзам жазылганы менен анын ичине кирип, ошону менен иштеген жетекчи болгон жок. Бүгүн деле кызуу талкууга алып жатабыз. Демек, Баш мыйзам кайсы бир оюндардын же кайсы бир топтордун жеке кызыкчылыктарынын, тартыштардын, кармаштардын натыйжасы болду. Муну эл деле бөркүндөй көрүп турат. Андыктан бизге саясий эрки бар, улуттук идеология көздөгөн эл башчы керек. Ал эми кыргыз эли дагы башка ар тараптуу адамдарга кошулбай, нукура кыргыздын жолу менен кетип, каада-салтты сактап калышыбыз керек”,-дейт Жумабекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости