www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-декабрда адвокат жана «Чоң казат» партиясынын мурунку мүчөсү Канат Хасанов Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, бир күн мурун Садыр Жапаровду дебатка чакырган президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевге өтө катуу кайрылуу жасады.
Хасанов Абдил Сегизбаевдин өзүн ыйык адамдай көрсөтүп жатканына ачууланып жатат. Канат Хасанов Абдил Сегизбаев УКМКны жетектеп турганда, уулуна кысым көрсөтүп, Садыр Жапаровдун уулдарына иш козгогонун, Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жасалма документтерди жасагандыгын белгиледи.
«Азыр эми отуруп алып өзүңдү акылдуу көрсөтүп жатасың. Сен Маевский келгенин, аны УКМКнын кызматкерлери коштоп жүргөнүн унуткан жоксуңбу?
Болот экөөңөрдүн 350 кг алтынды менчиктештирип алганыңардычы? Болот ошол 350 кг алтын боюнча издөөдө жүрөт. Ал жакта башында адвокат мен болчумун, эгер унутпасаң.
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери бүтүндөй операция өткөрүшкөн, буга дагы көз жумуп койдуңбу» – деп суроо салды Канат Хасанов.
«Урматтуу, Абдилчик! Силер сотторго кийлигишип, компанияларга мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүп, мени банкрот кылгансыңар. Сен Икрамов (Икрамжан Илмиянов) жана Болот менен биригип, ар кандай иштерди жасаганыңарды билебиз.
Эми болсо, азыр баарына Илмияновду күнөөлөп жатасың. Бул эркекчиликке жатпайт! », – деди Хасанов.
Ал Сегизбаев 2010-жылы КСДПнын штабына оң рулдуу «Ауди» үлгүсүндүгү автоунаа менен келгенин, азыр болсо кандай унаа тээп жүргөнүн, кандай үйдө жашап жатканын сурап, мунун баарына акчаны кайдан алганына кызыкты.
«Садыр Жапаров жигит болсо дебатка келсин деп жатасың. Эркек болсоң, мени дуэлге чакырчы. Биз экөөбүз башкача дуэль өткөрсөк болот мисалы рингде» – деди ал.
Канат Хасанов Сегизбаев Садыр Жапаровду кандай максатта дебатка чакырганын айтты.
«Президенттик шайлоо бүтсө, сага дагы кезек келет. Ошондо «мен саясий туткунмун», «бул саясий буйрук» деп кыйкырып чыгыш үчүн жасап жатасың» – деди ал.
Булак: NazarNews.kg