www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармакта 1000 колдонуучунун 600ү фейк аккаунт менен жазат. Мындай фейк баракчаларды 3 эле адам ачып, башкарса болот. Бул тууралуу Factcheck.kg сайтынын редактору Болот Темиров билдирди.
Анын айтымында, бардык фейк аккаунттар кимдир бирөөнүн кызыкчылыгына иштебеши мүмкүн. Алардын жазган коментарийлерин мүмкүн болушунча эске албаган оң.
Фейк аккаунтардын жеке маалымат, сүрөттөрү аз болот. Ошондой эле баракчасында жалаң саясий кабарлар бөлүшүлөт.
«Атайын программалар аркылуу адамды издөөгө болот. Көп учурларда фейктер башка улуттун сүрөттөрүн колдонушат. Калктын билим деңгээли маалыматты туура тандоого таасирин тийгизбейт. Маселен, дыйкан деле, профессор деле муздаткыч, унааны туура колдонууну үйрөнө алат», — дейт Темиров.
Ал белгилегендей, жалган маалыматтар таасири азайганда жоголот. Адамдар туура маалыматты тандоону үйрөнүп, калп маалыматтардын таасири жоголсо, фейк сайттар, аккаунттар азаят.
Булак: NazarNews.kg