www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумасына бир жолу балык жеген жакшы уктаганга жардамдашат, интеллектуалдык коэффициентти –“ай-кьюсун” (IQ) жакшыртат.

АКШдагы Пенсильвания университетинин (University of Pennsylvania) окумуштууларынын изилдөөсүнө ылайык, жумасына бир жолудан балык жеп турган балдар жакшы уктай баштаган; алардын ай-кьюсу балыкты аз жегендер менен такыр жебегендерге салыштырмалуу орточо төрт пунктка жогору болгон-деп жазат Азаттык.

Мурдагы изилдөөлөр балыктын майы (каныкпаган майлуу кислота) -Омега - 3 менен билим деңгээлинин жакшыруусу, ошондой эле жакшы уйку ортосунда байланыш бар экенин көрсөткөн. Бирок бул үч нерсенин байланышы буга чейин үргүлжүң изилденген эмес. Ал эми Цзянхун Лю, Женнифер Пинто-Мартин, Александра Хан жана проф. Адриан Рейндин изилдөөсү (Jianghong Liu, Jennifer Pinto-Martin, Alexandra Hanlon, Prof. Adrian Raine) жакшы уйку балык майы менен окуп билүүнүн ортосунда көпүрө катары кызмат кылышы ыктымалдыгын көрсөткөн.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости