www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Haberler.com агенттиги билдирген маалыматга таянсак, 3-январда Түркиянын Сарыер районунда түрк жараны Фатих Й. Кыргызстандык 22 жаштагы кызды зордуктаганы үчүн 30 жыл түрмөгө кесилди.

2017-жылдын 26-августунда түнүндө 22 жаштагы студент кызды Стамбулдун метросунан “Аязага” станциясына чыкканда Фатих Й. кармап алып “добушуңду чыгарсаң, өлөсүң!” деп кызды зордуктап, телефонун алып койгон.

Сотто Фатих күнөөсүн мойнуна албай койгон. Сот аны 30 жылга түрмөгө кести.

Анын ичинде зордуктоо фактысы боюнча 18 жылга, телефонду алып койгону үчүн 12 жылга кесилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости